Марал Радиосу

Президенттин маалымат катчысы динге байланыштуу чагымчыл билдирүү жасоодон карманууга чакырды

Дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон кармануу керек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал динге карата айтылган чагымчыл билдирүүлөрдү таратууну, сурамжылоолорду жасоону токтотуу керектигин эскертти.

«Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “даваатка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам» , — деди Аскат Алагөзов.

Мамлекеттик дин комиссиясы «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.

Документ 37 беренеден турат. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган.

Ошондой эле диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 5-сентябрда «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Анын жыйынтыгында жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизиле турган болду.