Марал Радиосу

Мамлекеттик кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө мораторий киргизилди

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын жогорулатууга 2026-жылга чейин мораторий киргизди. Өлкө башчынын мындай Жарлыгы «Эркин-Тоо» мамлекеттик гезитине жарыяланды.

Мындай чечим мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу максатында кабыл алынганы айтылат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын штаттык санын кеңейтүүгө тыюу салынууда.

Бирок өзгөчө учурларда президенттин өзүнчө чечими менен кызматкерлердин айлык акысынын өлчөмүн, ошондой эле штаттын түзүмүн өзгөртүүгө болот деген эскертүү бар.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү мораторийдин күчүнө киришине көз салат.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы акыркы жолу 2022-жылы август айында жогорулатылган.