Марал Радиосу

Ишкер: Бала бакчаларга да кийиз жана жүндөн жасалган тапичкелерди алышууда

Нарын районунун Кол өнөрчүлөр жамааты эки жылдан бери жүндү кайра иштетүү, жүндөн улуттук буюмдарды жасоо менен алектенет.

Аталган жамааттын лидери, ишкер Элизат Самсалиева «Марал» радиосунун кабарчысына маек курду. Анын айтуусунда, акыркы убакта шырдак жакшы бааланып, чет мамлекеттерге да кетүүдө. Чет элдик туристтер менен жергиликтүү тургундар да алышат. Ишкердин айтымында, акыркы убакта кыргызстандыктар кыздын себине да шырдак ала башташты.

Былтыр 60 метрлик шырдакты жасашкан, аны казакстандык туристтер сатып алган.

Ошондой эле өлкө башчы Садыр Жапаров да Нарын районунун «Кол өнөрчүлөр жамаатынан» шырдак алган.

«Президент Садыр Жапаров Татарстан өлкөсүнө барганда биздин колубуздан чыккан шырдакты алып, Татарстан өлкөсүнө тартуу кылып келген. Биз үчүн  бул чоң сыймык. Демек, биздин шырдактар сапаттуу десек болот» , — деди ишкер айым.

Нарын районундагы «Кол өнөрчүлөр жамаатында» 15тен ашык кыз-келин иштейт, жылдан-жылга алардын саны көбөйүүдө. Барган сайын сапаттуу, кооз кылып жасоого көңүл буруп жатышат. Ак, көк, кара түстөгү шырдактарды көп сатылат.

Шырдактын пайдасы — нукура, таза жүндөн жасалат. Ысыкта ысык өткөрбөйт, суукта үшүтпөйт.

Элизат Самсалиева айткандай, акыркы убакта бала бакчалардан да буюртма ала башташкан. Бөбөктөр отурган кийиз же жүндөн жасалган тапичкелерди алышууда.

Нарында 7-сентябрда эт фестивалы өттү. Анын алкагында шырдак жасаган айымдар да өз буюмдарын тартуулап, шырдак кандай жасаларын көрсөтүп беришти.

Эт фестивалы NURP программасынын маалымат кампаниясынын алкагында Accelerate Prosperity акселератору тарабынан ишке ашырылды.