Марал Радиосу

Орусияда КВН программасынын алып баруучусу Александр Масляков каза болду

Москвада КВН программасынын туруктуу алып баруучусу жана режиссёру, “Шайырлар жана тапкычтар” клубунун президенти Александр Масляков 83 жашында каза болду.

Алып баруучунун өлүмүнүн себеби айтыла элек, бирок анын саламаттыгы 2022-жылы коронавирусту кайра жуктуруп алгандан кийин начарлаганы айтылган.

Александр Масляков 1941-жылы 24-ноябрда Свердловск шаарында туулган.

Советтик телевидениеде эң рейтингдүү программаларды алып барган. Ал ошондой эле жаштардын жана студенттердин Москвадагы, Софиядагы, Берлиндеги, Гаванадагы жана Пхеньяндагы дүйнөлүк фестивалдарынан кабар жасап жүргөн.

«Шайырлар жана тапкычтар клубу» телеберүүсү 1961-жылы пайда болуп, 1986-жылдан бери үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келет.

Александр Масляков 1964-жылдан бери программанын туруктуу алып баруучусу болуп келди.