Марал Радиосу

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 37 млрд доллардан ашты

2024-жылдын 1-июлуна карата Өзбекстандын мамлекеттик карызы алты айда 2,1 миллиард долларга көбөйүп, 37 миллиард доллардан ашты. Насыя негизинен мамлекеттик бюджетти колдоо максатында алынган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Өзбекстандын вице-премьер-министри – экономика жана каржы министри Жамшид Кучкаровдун айтымында, январь-июнь айларында Өзбекстандын атынан жана өкмөттүн кепилдиги менен тышкы карыз алуу боюнча 2,8 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлган.

Мындан тышкары мамлекеттик бюджетти колдоо жана быйылкы жылы төлөнүүчү эл аралык облигацияларды каржылоо максатында дүйнөлүк каржы рыногуна 1,5 миллиард долларлык суверендүү облигациялар чыгарылган.

Мамлекеттик карыздын өлкөнүн ички дүң өнүмүнө карата катышы 34,4 пайыздан 33,2 пайызга төмөндөдү. Кучкаров Эл аралык валюта корунун отчетуна ылайык, учурда республиканын мамлекеттик карызы орточо деңгээлде экенин айтты.

2017-жылы Өзбекстандын мамлекеттик карыз 11,5 миллиард долларды түзгөн.