Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:
— Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов;
— Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев.