Марал Радиосу

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбеков 8-сентябрда акыркы сапарга узатылды. Ал 76 жашында оорудан улам көз жумду.

Зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Сөөгү Ала-Арча мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

Жайчыбеков Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Корумду айылында туулган.

Сүрөтчү, КРдин мамлекеттик туусунун авторлорунун бири (1991).

2007-жылы сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон. «Даңк» медалынын ээси.

Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын (1972), Москва полиграфия институтун бүтүргөн (1982).

«Мектеп» (1983–89), «Кыргызстан» (1996–97), «Адабият» (1989–92), «Шам» (2005–07), «Кут аалам» (2007–10) басмаларында улуу көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп иштеген.

Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү.

Түркмөнстан, Беларусия, Казакстан, АКШ, Швейцария мамлекеттеринин китеп басмаларынын, ошондой эле «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон.

Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги (2007), КР маданиятынын мыкты кызматкери (2007) наамдарын алган.