Марал Радиосу

Баткенде журналисттердин «Ийгиликке кадам» медиафоруму өтүп жатат

Бүгүн, 7-сентябрда Баткен шаарында журналисттердин III «Ийгиликке кадам» медиафоруму өз ишин баштады.

Иш-чараны КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ачып берди. Ал өз сөзүндө ЖМК өкүлдөрүнүн Баткен облусуна келип, журналистиканын келечеги тууралуу талкуу өткөргөнү жакшы жышаан экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, «Ийгиликке кадам» медиафоруму 8-сентябрда да уланат. Учурда иш чаранын жүрүшү УТРК Баткен каналынын Ютуб баракчасында түз көрсөтүлүүдө.