Марал Радиосу

Бишкектеги бир катар райондо беш күн газ өчөт

«Бишкекгаз» кызматы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу бир катар райондо беш күн жаратылыш газы өчүрүлөрүн маалымдады.

9-10-сентябрь күндөрү Садырбаев, Гагарин, Асаналиев, Алтымышев көчөлөрүндөгү даректерде.

11-12-сентябрь күндөрү Жибек жолу, Турусбеков, Куренкеев, Профессор Зима көчөлөрүндө.

10-13-сентябрь күндөрү «Жаштар кварталы» турак жай комплексинде.

«Бишкекгаз» газ кызматы оңдоо иштери күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүп жатканын билдирет.