Марал Радиосу

Акылбек Жапаров «Манас» аба майданынын кирешеси өскөнүн айтты

«Манас» эл аралык аэропортунун кирешеси өскөнүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн сатылып алынган Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учактын келишине байланыштуу иш-чаранын жүрүшүндө айтты.

2019-жылы компаниянын таза кирешеси 2 миллиард 108 миллион сом болсо, 2023-жылы таза киреше 6 миллиарддан ашык сомду түзгөн.

2023-жылы инвестициялык активдүүлүк 5 миллиард 368 миллион сомду түзүп, жеке каражаттын эсебинен «Асман аба жолдору» авиакомпаниясы үчүн эки Q 400 жана «Эйр кейжи» авиакомпаниясы үчүн бир Beechcraft King Air 360 учактарын сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Былтыр жалпы жүргүнчү ташуу 5 миллион 609 миң жүргүнчүнү түздү. 2021-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде өлкөнүн аэропортторунда тейленген жүргүнчүлөрдүн өсүү динамикасы 3,98 миллиондон 5,6 миллионго чейин болуп ал 41%ды түздү.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун өздүк каражатына «Каракол», «Казарман», «Кербен», «Талас», «Нарын» аймактык аэропорттору реконструкцияланды. Ошондой эле Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда.