Марал Радиосу

Баткенде журналисттердин «Ийгиликке кадам» медиа форуму өтөт

7-8-сентябрда Баткен шаарында III “Ийгиликке кадам” медиафоруму өтөт. Бул тууралуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси билдирди.

Бул жылы “Кыргызстандагы медианын өнүгүүсү: кечээ, бүгүн жана эртең” деген теманын алкагында бир канча панелдик талкуулар болмокчу.

«Ийгиликке кадам» медиафоруму – Кыргызстандагы журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу дубандардын биринде өткөрүлүп турат.
I Медиафорум 2019-жылы, Ош шаарында, II медиафорум Нарын шаарында болуп өткөн. Анда бир катар ийгиликтүү медиалар өз тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Медиафорумдун өнөктөштөрү: IFEX, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Интерньюс, БатМУ.

Медиа өнөктөштөр: «Марал» радиосу, УТРК Баткен, Супер.кж, Салам Медиа.