Марал Радиосу

Президент өзбек өнөрпоздоруна мамлекеттик наамдарды ыйгарды

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту, кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн деп «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардак наамы Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго ыйгарылды.

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардак наамы Юнус Раджаби атындагы Өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун «Макомду салттуу аткаруу» кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага ыйгарылды.