Марал Радиосу

Бишкекте скутер сүзгөн адам каза болуп, айдоочу кармалды

Бишкекте Чүй проспектисинен скутер айдаган адам эки жаранды сүзүп, анын бири каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-сентябрда саат 21:15 чамасында Чүй проспектисинде эки жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатканда аларды скутер тээп бара жаткан 32 жаштагы Д.Т. аттуу адам сүзгөн. Катуу соккудан улам скутердин айдоочусу Hyundai Sonata унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 31 жаштагы жөө жүргүнчү каза болуп, дагы бирөө Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Кылмыштуулуктун жана транспорттук каражаттарды эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан өзгөчө оор залал келтирүү) менен катталган. Скутердин айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн алкагында бир катар экспертизалар дайындалды.