Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 6-сентябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +23…+28.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +21…+23 градус болот.