Марал Радиосу

Элчилик кыргызстандыктарга Орусиянын аймагына барбай турууну сунуштады

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандыктарды жүйөөлүү себептер болбосо Орусиянын аймагына кирбей турууну сунуштады.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрлик Орусиянын аймагында кошумча коопсуздук чаралары жана чет элдик жарандардын мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү режими колдонулуп жатканын билдирди.

Зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары элчиликтин телефондору аркылуу тийиштүү жардам же кеңеш ала алышат.

+7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047