Марал Радиосу

Президент коомдук башталыштагы жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров коомдук башталыштагы бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мындай чечим Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынганы кабарланды.

Маалыматтарга караганда, президенттин коомдук башталышта 7 жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматынан бошотулган.

Президенттин кеңешчилери жана жардамчылары президент тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Алар президенттик администрациянын структурасына кирет.