Марал Радиосу

Милиция кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөгөн айдоочу кармалды

Бишкектин Дордой -1 конушунда милиция кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы 5-сентябрда кабарлады.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда райондук милиция кызматкери Дордой-1 конушунда күзөттө жүргөн. Кечки саат 17:00  чамасында жолдун жээгинде мыйзамсыз түрдө бензин сатылып жатканын көргөн. Сатуучу Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милиционердин эскертүүсүнө маани бербей, качып кетүүгө аракет кылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренеси («Бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү») менен катталган.

Шектүү 1999-жылы туулган С.С., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.