Марал Радиосу

Экс-депутат Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болду

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын мурдагы депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болду.

Мындай чечимди Жогорку Кеңеш 5-сентябрдагы жыйынында кабыл алды. Анын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Мейкинбек Абдалиевдин мандатын август айында БШК өзү жазган арызынын негизинде алган.

Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан шайланган. VII чакырылышта «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон.