Марал Радиосу

Депутат Масалиев Украина менен болгон жаңжалда Орусияны колдоого чакырды

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Исхак Масалиев парламенттин 4-сентябрдагы жыйынында Украина менен болгон жаңжалда Кыргызстан Орусияга колдоо көрсөтүшү керектигин айтып чыкты.

«Эки жылдан бери Орусия-Украинанын ортосунда аскердик аракеттер, ачыгын айтканда, согуш болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин ал Орусиянын ички маселеси болчу, биз нейтралдык позицияны ээлеп турганбыз, бул негизи туура деп эсептейм. Бирок август айынан баштап он беш облуска бомба таштап, ракета учуруп жатат. Менин коркконум, өкүнгөнүм — ошол жерде (Орусияда) биздин бир миллионго жакын калкыбыз эмгектенип жатат.

Экинчиден, биз ЖККУ уюмунун алкагында Орусия менен союздашпыз. Ушул маселе боюнча терең изилдеп, керектүү чечимдерге барышыбыз керек, колдошубуз керек. Балким, Орусия менен кызматташуу уюмубуз же парламенттеги тиешелүү тармактык комитет Мамлекеттик Дума менен мамиле түзүп, кандай формада жардам бере алабыз деген багытты ойлонушубуз керек» , — деди депутат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылы 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиледе бейтарап позицияны кармана турганын айткан.

Ушундай эле пикирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да билдирген.