Марал Радиосу

Чукул билдирүү. Тоолуу райондордо кар жаап, үшүк жүрөт

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде да жаан жаайт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Үшүк жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.