Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Жумабек Салымбеков ант берди

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Жумабек Салымбеков ант берип, кызматына киришти.

Ал Бишкек шаарынын №29 Свердлов бир мандаттуу округунан шайланган.

30-июнда Ноокат, Ысык-Көл жана Свердлов бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн.

БШКнын маалыматына караганда, №29 Свердлов бир мандаттуу округунан Жумабек Салымбековго шайлоочулардын 64,68 пайызы, тагыраагы 10 623 адам добуш берген.