Жаңы окуу жылы башталып, кайрадан мектептеги жоолукчан окуучу кыздардын маселеси социалдык тармактарда талкууланууда. Фейсбук колдонуучусу Айнура Адамова «Мектепте 119 кыздын хиджабын чечтирдик!» деп жазып, бир канча убакыттан кийин өчүрүп салган. Бирок скрин болгон сүрөт тарап ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдары бул кадамды туура деп айтышса, кээ бири ар бир жарандын дин тутуу эркиндиги бар экендигин, мындай нерсе туура эместигин жазышууда. Бул маселе жыл сайын көтөрүлүп келет. Билим берүү министрлиги бул маселе укук коргоо органдары тарабынан териштирилип жатканын жана окуучуларга карата эч кандай чектөөлөр болбогонун айтты.
«Мутакалим» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну карындашы жоолук салынгандыгы үчүн мектептен кысым болуп жатканын айтып арыз менен кайрылган.
Кыздын апасы менен байланышканыбызда мугалимдер тараптан кысым болуп жатканын айтып, кечээ 2-сентябрда кызы ыйлап келгенин айтты. Бирок ал мектепке барганда мугалимдер эч кандай кысым болбогонун айтышканын кошумчалады.
Окуучунун апасы Аксы райондук билим берүү бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге байланышканда мындай окуя жыл сайын эле болуп келгенин, мектеп жетекчилиги менен өз ара чечишип алуусун айткан.
«Кызым быйыл өз каалоосу менен жоолук салган. Биз ага “эч качан жоолук салынасың деп” айтып, кысым көрсөткөн жокпуз. Кызым 28-августта мектепке китеп алганы барган. Аны менен кошо бир классташы да жоолук салынган болчу. Мектепте мугалимдер ошол жерде эле кысым көрсөткөн экен. Кызымдын классташ кызы ошол жерде эле чечиптир. А кызым “апа, мен чечпейм”,-деп келди. Ошондо биз Жамал Фронтбек кызына арыз жаздык эле. Кызым кечээ, 2-сентябрда жаңы окуу жылынын ачылышына барганда да ыйлап келди. Тарых жана дин жөнүндө окуткан мугалим экен, ал кызыма «эгер окуйм десең, жоолугуңду мектептин дарбазасына келгенге чейин жана чыкканда салынасың» дептир. Бул мектепте буга чейин оронгонго уруксат берилген эле. Мен билим берүү бөлүмүндө иштеген кызматкерге телефон аркылуу кайрылдым. «Жаңжал жылда боло берет, өзүңөр акырын чечишип алгыла» дешти. Мен сотко да кайрылайын дедим эле, мугалимдери «келе берсин» дешиптир. Бүгүн барып, сабагын окуп келди», — деди окуучу кыздын апасы.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын жашоочусу мектепте окуучу кызына жоолук салынганы үчүн кысым болуп жатканын айтып, арызданды.
Бул тууралуу «Марал» радиосуна «Мутакалим» мусулман аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы билдирди.
Мугалим окуучуга жоолугун мектепке келгенге чейин жана сабактан чыккандан кийин гана салынуусу керектигин айткан. Кыздын апасы бул боюнча жергиликтүү билим берүү бөлүмүнө оозеки түрдө арызданган, ошондон кийин окуучуга жоолук менен мектепке кирүүгө уруксат беришкенин айтат.
Аксы районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Осмоналы Нурманбетов жогоруда аталган мектептин окуучусу тууралуу арыз түрүндө кайрылуу түшпөгөнүн билдирди.
Ал эми мектеп директору Адалат Дыйканбаева эч кандай кысым болбогондугун айтып, кандай максатта салынганын билүү үчүн сураганын айтты. Ал мугалим мектептеги ар бир окуучудагы өзгөрүүгө көз салып туруу, окуучулардын маанайын байкап туруусу керектигин кошумчалады.
«Окуучу кыз жоолук салынып келди. Биз андан эмне болду, ким мажбурлады деп сурадык. Мектепте иштегенден кийин окуучунун маанайын билип туруубуз керек, кыздын өзүнөн угалы деген ой менен сураганбыз. 9-классты бүтүп, жоолук салынсаң болмок деп айтканбыз. Анан мектептин формасын киесиң, форма талап кылынат деп айтканмын, эч кандай кысым болгон жок»,- деди мектеп директору.
«Мутакалим» мусулман аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызынын пикиринде, окуучу кыздардын мектепке жоолук менен баруусуна тыюу салынбашы керек. Мындай учурлар буга чейин да көп катталып, Акыйкатчы институту аркылуу чечилип келе жатат.
«30-августта «…мени кодулап жатышат, классташтарымдын алдында жаман сөздөрдү айтып жатат» деген арыз келип түштү. Менин оюмча бул адамдык укукту бузуу болуп саналат. Жоолукчан жүрүүгө эч ким тыюу сала албайт. Бул биздин Башмыйзам менен кепилденген. Бул чечиле турган маселе, мыйзамды сыйлаш керек. Мен Жогорку Кеңештин депутаттарына,тийиштүү министрликтерге кат менен кайрылдым. Бир-эки күндө чечилсе керек» , — деди Жамал Фронтбек кызы.
Социалдык тармакта мектептеги окуучу кыздардын жоолук маселеи ар кандай пикир жаратууда.
Билим берүү министрлиги социалдык тармакта талкуланып жаткан маселе боюнча мындай комментарий берди:
Билим берүү жана илим министрлиги айрым мектептерде оромолдорду (хиджабды) чечүүгө мажбурлап жаткандыгы боюнча социалдык тармактарга тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирди.
Министрлик Конституцияга ылайык, Кыргызстан көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп эсептелерин белгилейт. Конституцияда эч ким туткан дини же башка абалы, жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместиги белгиленген. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилденген.
«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 39-беренесине ылайык, окуучулардын милдеттерине билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоо кирет.
Өкмөттүн 2015-жылдын 12-августундагы токтому менен 1-11-класстардын окуучулары үчүн мектеп формасына бирдиктүү талаптар бекитилген. Анда мектеп формасынын классикалык стилге дал келип, үстү ак, боз, асты кара же күрөң түстө болушу керектиги бекитилген. Ал эми окуучулардын баш кийими боюнча талаптар бул жободо көрсөтүлгөн эмес.
Министрлик социалдык тармактарга чыгып жаткан жалган маалыматтарды териштирүү боюнча тиешелүү укук коргоо органдары менен комплекстүү иш алып барып жактанын кошумчалады.
Дин маселелери боюнча эксперт, юрист Эржан Кайыпов социалдык тармакта “ушунча кыздын жоолугун чечтирдик” деген провокациялык билдирүүлөр чыгып кеткенин, бирок кайсы жакта, кайсы мектеп экени белгисиз болуп жатканын айтты. Ал мындай учурда Билим берүү министрлиги жана Ички иштер органдары окуянын чын-төгүнүн айтып, коомчулукта бөлүнүп жарылуунун алдын алуусу керектигин кошумчалады.
«Билим берүү министрлиги мындай учурда коомчулукка туура маалымат жеткирип туруусу керек. Мисалы, жоолук салууга мектептерде уруксат берилет, эч кандай чектөө жок. Андай окуя катталаган жок. Эгер кысым болсо, ушул номерлерге кайрылгыла деп маалымат жеткирип туруусу керек. Бирок коом өзү менен өзү провокациялык посту дагы, чын посту дагы талкуулап, ар кандай пикирлер жаралууда. Мындан бир канча жыл мурда министрлик жоолукчан окуучуларга чектөө жок деген жообун да берген».
Саясат талдоочу Руслан Ахматбек бул маселе боюнча буларга токтолду.
«Жолук маселесин коюп, балдарды китеп менен камсыз кылуу маселесин жөнгө салышса болмок. Тыйганга, чектегенге эле машпыз. Дин тутуу эркиндиги кайда калды? Азыртадан балдарга «кааласам укугуңду тебелейм» дегенди сиңирип атабыз. Анан радикализм күчөйт. Балдарын окууга жибербеген караңгы, түркөй, радикалдарга табылбай эле калды. Ашынган радикалдарга жем таштабаш керек. Коом түрдүүлүккө көнүп калган. Жакшы нукка буруп, өгөйлөбөй мамиле кылуу абдан манилүү. Өнүккөн коом курабыз десек, мындай нерселерди коом менен келишип, сүйлөшүп чечүү зарыл. Эки жак тең утушка ээ боло тургандай чечим чыгаруу керек. Коомдон четтетпей тескерисинче мүмкүн болушунча интеграциянын жолун издейли».
Мектеп окуучуларынын жоолук маселеси жыл сайын көтөрүлүп келет. Мамлекеттик дин комиссиясы дин тутуу боюнча жаңы мыйзамдын долбоорун сунуштап, коомдук талкууга койду. Анда коомдук жайларда жүзүн жаап, никаб кийүүсүнө тыюу салынат.