Марал Радиосу

Бишкекте 100 миң кишилик жаңы аянт куруу маселеси каралууда

default

Бишкек шаарында 100 миң көрүүчүнү батыра турган аянт куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурдагы аянт да ордунда калтырылат. Жаңы аянтты салуу маселеси 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган иш-чарадан кийин көтөрүлгөн. Жаңы аянт кайсы жерде жайгашары айтыла элек.

Кыргызстандын Эгемендүүлүк алган күнүн майрамдоо учурунда борбордук «Ала-Тоо» аянтына 80 миңдей адам келген. Ошондон кийин чоңураак аянт куруу жөнүндө сөз болгон.

Борбордогу «Ала-Тоо» аянты 1984-жылы курулган.