Марал Радиосу

Журналист Адыл Акжол уулуна карата дагы бир кылмыш иши козголду

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун үстүнөн дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, быйыл 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган К.Э. аттуу жашоочусу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 8-июлдан бери Адыл Акжол уулу жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн  жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө блогер өзүнүн ютуб каналына аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөп, аны 76 миң колдонуучу көргөндүгү жана башка социалдык тармактарга тарап кеткендиги аныкталган.

Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Адыл Акжол уулу 5-августта башка кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда.

Ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынган.

Адыл Акжол уулу «Ош пирим» жана «Ош ТВ» телеканалдарында иштеген. Ошондой эле «ЭлТР» мамлекеттик каналында жетекчинин орун басары болуп эмгектенген.