Марал Радиосу

Өз жанын кыйган баланын өлүмү боюнча эки адам кармалды

Бишкекте Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын душ бөлмөсүндө 21 жаштагы баланын асынып алганы аныкталды. Мындай маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынан кабарлашты.

30-август күнү саат 14:21 чамасында милицияга 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал асынып алганы аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө чакыруу») менен катталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогоруда айтылган жигитти өз жанын кыюуга үндөөгө шек саналып, Биринчи май РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган М.А.А. жана 1996-жылы туулган Б.Э.У. кармалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.