Марал Радиосу

Кадамжайда 18 жаштагы келин дайынсыз болуп жатканы кабарланды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Айрыбаз айылынын тургуну жубайы дайынсыз болуп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

Облустук милициянын маалыматына караганда, 31 жаштагы жаран 1-сентябрь күнү саат 16:30 чамасында Көн айылынан 18 жаштагы Хадича Шарипжан кызы белгисиз тарапка кетип, дайыны жок болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты Кадамжай райондук милициясында катталып, багыттамалар жер-жерлерге жөнөтүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Келиндин белгилери: Бою 160-165 см, орто дене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара түстө, ак жүздүү. Кийген кийимдери: башында жоолук, үстүндө ак түстөгү көйнөк жана жеңи кыска узун камзир, бутунда ак түстөгү бут кийим.

Милиция жоголгон кыз боюнча маалыматы болгон жарандарды байланышууга чакырат. Тел: (03655) 5-02-29 , 0776-85-10-10.