Марал Радиосу

Күзүндө эмне үчүн көп ооруйбуз?

Күзүндө эмне үчүн көп ооруйбуз?

Күзүндө аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп турганына байланыштуу курч вирустук оорулардын чыгышына алып келет. Биринчи кезекте астма, обструктивдүү жана өнөкөт бронхит сыяктуу оорулар күчөйт.

Күзүндө иммунитет эмне үчүн төмөндөйт?

Аба ырайынын өзгөрүшү, температуранын төмөндөшү жана күндүн нурунун азайышы күз, кыш мезгилинде иммундук системанын начарлашын шарттаган факторлор болуп саналат. Анын натыйжасында мурун жана тамак оорулары менен лорго (отоларингологго) тез-тез баруу башталат.

Күзүндө суук тийүүдөн кантип сактанса болот?

  1. Биринчи кезекте аба ырайына жараша кийиниңиз. Жайдагы аба ырайына көнө түшкөндүктөн, көпчүлүк жылуу кийим кийүүгө көңүл бурушпайт.
  2. Витаминдерди тамак-ашка кошуңуз. Мүмкүн болушунча жашылча жер-жемиштерди күнүмдүк рационуңузда колдонууну көбөйтүңүз.
  3. Эс алуу. Тынч, абасы таза жерде сейилдеп басыңыз.
  4. Физикалык активдүүлүк. Жок дегенде эрте менен турганда жеңил көнүгүүлөрдү жасап, андан кийин күнүңүздү баштаңыз.

Күз мезгилинде иммунитетти кантип бекемдөө керек?

Темир камтыган эт, боор, деңиз азыктары, жумуртка, алма (кабыгы менен) ж.б. азыктарга басым жасаңыз. Өзгөчө күзүндө иммунитетти бекемдөө үчүн пайдалуу бактерияларга (пробиотиктерге) бай, мисалы, йогурт сыяктуу кычкыл сүт азыктарын бат-баттан колдонуп туруу зарыл.

Иммунитет үчүн эң маанилүү витамин кайсы?

Иммунитетти көтөрүү үчүн биринчи кезекте кандай негизги витаминдер керек? С витамини – аскорбин кислотасы. Ал организмдеги уулуу заттарды кетирүүгө катышып, бактериялар жана вирустар менен күрөшүүгө жардам берет. А витамини — ретинол. Ал бүтүндөй иммундук система үчүн маанилүү.

Күз мезгилинде дагы кайсы оорулар күчөйт?

Цистит

Гипотермиянын дагы бир терс натыйжасы-цистит. Табарсык жана заара жолдорунун инфекциясы өзгөчө күзгө мүнөздүү. Көбүнчө аялдарда кездешет. Анын эң ачык симптому – заара ушатуу жана оорутуу. Дарыланбаса цистит оңой эле өнөкөткө айланып, көптөгөн рецидивдер менен өтөт. Ошондой эле пиелонефрит түрүндө татаалдашуу коркунучу бар. Натыйжада бөйрөктүн сезгенишине алып келип, аны дарылоо бир топ татаал жана узак болот.

Аллергия

Күздүн биринчи айы аллергия менен жабыркагандар үчүн эң оор. Отоо чөптөрдүн гүлдөшү сентябрь айында туу чокусуна жетет. Бул аллергия менен жабыркагандар үчүн кыйынчылык жаратып, алсыздык, мурундун кычышуусу жана чүчкүрүү менен коштолот. Аллергия жылдап көз жаздымда калбашы керек, антпесе ал картайганда астмага айланып кетиши мүмкүн.

Организм берген белгини четке какпаңыз!

Көптөгөн бейтаптардын дарыгерлерге кайрылуусу көбөйөт. Ал эми кээ бир адамдар, тескерисинче өз алдынча күрөшүүгө аракет кылышат. Ден-соолукка байланыштуу кичинекей көйгөй болсо, организмдин сигналдарын четке какпаңыз. Оорунун алдын алуу үчүн дароо дарыгерге кайрылып, өз убагында дарылоону баштоо жакшы. Керек болсо терапевт лабораториялык анализдерге жана атайын адистерге кайрылыңыз. Андан тышкары, диагностикалык кызматтардын заманбап спектри көпчүлүк ооруларды эрте аныктоого мүмкүндүк берет.

Баарынан эң маанилуүсү позитивдүү маанай, ал күз айын оорусуз жана жакшы маанайда өткөрүүгө жардам берет.