Марал Радиосу

Медер Машиев экология министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Аталган министрликти буга чейин Мелис Тургунбаев башкарган. Ал президенттин жарлыгы менен быйыл 26-июнда министр кызматынан бошотулуп, Улуттук банкка төрага болуп шайланган.

Медер Машиев 2020-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген.