Марал Радиосу

Парламент күзгү сессиясын баштап, беш депутат ант берди

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин жумушун баштады. Күзгү сессиянын ачылышы гимн ырдоо менен башталды.

Бүгүн күн тартибинде бир маселе каралып, жаңы шайланган депутаттар ант берди.

Буга чейин бир катар округдарда депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы Айжигит Тыналиевди №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча, Жумабек Салымбековду №29 Свердлов округунан депутат катары каттап, күбөлүк жана төш белги тапшырылган.

Мындан тышкары, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Бакытбек Марипов Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Ал эми «Ата журт — Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен Арсланбек Эгембердиев, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Аккулу Бердиев, «Ыйман нуру» партиясынан Эрнис Айдаралиев депутаттык мандат алышкан.

Бүгүнкү сессияда жогоруда аты аталган депутаттар ант берип, кызматын аткарууга киришти. Парламенттин спикери Нурланбек Шакиев билдиргендей, тармактык комитеттерде иш алып барылат, бүгүнкү сессия жыйынтыкталды.

Жогорку Кеңештин депутаттары 27-июнь күнү жайкы эс алууга тарашкан. Регламентке ылайык, депутаттар өлкө аймагындагы шайлоочулар менен иш алып барып, эмгек өргүүсүндө да болушту.

Exit mobile version