Марал Радиосу

Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталды

Кыргызстандын билим берүү уюмдарында 2024/25-окуу жылы башталды. Бүгүн, 2-сентябрда мектептерде биринчи коңгуроо кагылды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 1-4-класстар үчүн биринчи сабак “Билим – күч”, 5-11-класстар үчүн “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрү” деген темада болот.

Окуучуларга билимдин мааниси, Кыргыз Республикасынын түптөлүшүнө залкар инсандардын кошкон салымы, Кара-Кыргыз автономиялык облусунун мааниси жана 2024-жылы 100 жылдык мааракесин белгилөө тууралуу айтылат.

Республикада 2 миң 377 мектеп бар, анын 2 миң 173ү мамлекеттик жана муниципалдык мектептер, 204ү жеке менчик. Аларда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Билим берүү системасында 93 миң мугалим иштейт, миңден ашык бош орундар бар.

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады.

Ари Покка: Мен маектешкен окуучулардын 80%ы Кыргызстандан кетүүнү каалайт экен