Марал Радиосу

2-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 2-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20,

Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 12…14, күндүзгү температурасы +18…+20 болот.