Марал Радиосу

Бишкекте буздурулган «Батуми» кафесинин ордуна эс алуу бак ачылды

Бишкекте бузулган «Батуми» жана «Шашлычная No1» кафелеринин ордуна «Муун» эс алуу багы ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

«Бул сейил бак жалпы аянты 0,4 гектарды түзөт аталган сейил бакта балдар аянтчасы, машыгуу бөлүгү жана энелер бөлмөсү камтылган. Жалпысынан сейил бак кыргыз каллоритинде жасалды»-деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаевге Бишкектин вице-мэри болуп турган кезде «Батуми» кафесинин бузулушу боюнча кылмыш иши козголгон. Кафенин ээси бузуу боюнча соттун чечими жок экендигин айткан. Аталган кафе боюнча Нурдан Орунтаев УКМКга суракка кирип чыккан.

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» кафеси 2023-жылы майда буздурулган. Ошол кездеги вице-мэр Нурдан Орунтаевдин айтымында, жер жеңил курулуш үчүн 5 жылга ижарага берилген. Бирок ижарачы унаа токтотуучу жайга туруктуу курулуш куруп, ресторан ачкан. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыктан имаратты бузуу чечими кабыл алынган.

Ошондой эле ресторанды буздурууга жакынкы үйлөрдүн жашоочуларынан түшкөн көптөгөн арыздар себеп болгону айтылган.

Кийин кафесинин ээлери 2023-жылдын июль айында бузула тургандыгы тууралуу эскертүүдөн кийин кафени өздөрү бузган.