Марал Радиосу

Ташиев жаңы Ак үйгө жарандар экскурсияга келсе болорун айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы ишке берилген Ак үйгө жарандар экскурсияга келсе болорун билдирди.Ал социалдык тармактагы баракчасына Ак үйдүн тегерек чети темир тосмо менен курчалганы талкууга түшүп жатканын окуп калганын, «Аянттагы Ак үйдүн тосмосун алып салышып, жаңы Ак үйдү кайра тосмо менен тосуп алышты, элден жашынышты» деген сөздөр айтылып жатканын жазып, бийликтин элден жашынуусуна негиз жок экенин билдирди.

«Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө президенттик имараттар мамлекеттик кайтарууга алынат. Эгер темир тосмо менен курчабасак, анда мен мамлекеттик күзөт кызматына 50-60 кызматкерди кошумча алышым керек экен. Алардын айлык эмгек акыларына миллиондогон каражаттар кетет экен. Бул каражаттар элдин каражаттары. Ошол каражаттарды түбөлүк үнөмдөш үчүн тегерегин курчап койдук» — деп кошумчалаган.

Мындан улам, жаңы салынган админстративдик имарат бардык жарандар үчүн ачык болорун, 2-сентябрдан баштап каалаган кыргызстандыктар жумуш күндөрү күндүзгү убакта экскурсия кылса болорун айткан.

Бул үчүн атайы сектор ачып, үч кызматкерди даярдалган. Алар келген элди экскурсия кылдырышат. Сөзсүз түрдө жаныңарда жарандык паспорт же ID карталарыңар болушу зарыл, — деп белгилеген Ташиев.

Экскурсия бир жаранга бир эле жолу болот. Кайра кайра кайталанбайт.