Марал Радиосу

31-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 31-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12… + 17, күндүз + 27… + 32,

Талас жергесинде түнкүсүн +7… + 12, күндүз +24 … +29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13… + 18, күндүз +28… + 33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +24 … +29,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 24 … +29.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.