Марал Радиосу

Кыргыз жарандарына Макаого виза алуу жеңилдетилди

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, эми Кыргызстандын жөнөкөй паспортунун ээлери Макаого баргандан кийин виза ачтырса болот. Мындай шарттар аталган аймакка кирүүнү бир топ жеңилдетет.

Макаога кирүү үчүн визаны төмөнкү пункттардан алууга болот:

    1. Border Gate чек ара текшерүү пункту;
    2. Qingmao чек ара текшерүү пункту;
    3. Чжухай-Макао чектеш аймагынын өнөр жай зонасындагы текшерүү пункту;
    4. Гонконг-Чжухай-Макао көпүрөсүндөгү текшерүү пункту;
    5. Хэнцинь порт зонасындагы Макао портундагы текшерүү пункту;
    6. Outer Harbour Ferry Terminal nортундагы текшерүү пункту;
    7. Taipa Ferry Terminal портундагы текшерүү пункту;
    8. Inner Harbour Ferry Terminal портунда жана яхта терминалындагы текшерүү пункту;
      1. Аэропорттогу текшерүү пункту.

Ошондой эле, Макаого кирүү үчүн чет элдик жарандар төмөнкү талаптарды аткарышы зарыл:

Мындай шарттар кыргызстандыктарга Кытай Эл Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын-ала пландаштырууну суранат.