Марал Радиосу

100 жылдык: Баткенде бүгүн 7 объект ачылды

Баткен облусунда бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 7 объект ачылды. Ачылуу аземине президент Садыр Жапаров онлайн катышты. Бул тууралуу президенттинБаткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эгемендүүлүк күнүн утурлай 100 объект ачылуусу пландалган. Жогоруда айтылган 7 объект дагы ушул иш-чаралардын алкагында болду.

Пайдаланууга берилген ишкана жана мекемелер төмөнкүлөр:

-Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы Исфайрам-1 ГЭСи
-Кызыл-Кыя шаарындагы кагаз баштыктарын чыгаруучу ишкана
-Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү “Дөгмөн кен” ишканасы
-Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы көмүр өндүрүүчү “Ормузан” ишканасы
-Раззаков шаарындагы муниципалдык мал базары
-Баткен районунун Кайыңды айылындагы “Жусуп Турусбеков” атындагы орто мектеби
-Кадамжай районунун Чандеки айылындагы “Халмурат Жаныбеков” атындагы орто мектеби
Жер жерлерде ар бир обьекттин ачылуусу салтанатуу белгиленип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тургундар катышты.