Марал Радиосу

Чаткал дарыясына агып кеткен ишкерлердин биринин сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунда дарыяга агып кеткен ишкерлердин биринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 17-август күнү Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел тилексинде Чаткал дарыясына автоунаа түшүп, 2 жаран дарыяга агып кетти деген маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучулар тартылып, издөө иштеринин 13-күнү Беш-Арал коргунун Найза тилкесине бир жарандын сөөгүнүн баш сөөктөрү табылып, Чаткал РИИБнүн кызматкелери тарабынан өздүгү такталып, 1998.ж Р.А аттуу Ноокат районунун тургуну экени аныкталып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Издөө иштери убактылуу токтотулду.