Марал Радиосу

3-4-сентябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз» газ кызматы жер астындагы төмөн басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-4-сентябрь күндөрү борбор калаанын айрым көчөлөрүндө көгүлтүр от өчүрүлө турганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Курманалиев, Зеленая, Колхозный, Кыргызская көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.