Марал Радиосу

Бишкекте эгемендүүлүк күнүндө жарманке өтөт

Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө арналган атамекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө саат 11:00дөн 16:00гө чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтта уюштурулат.

Анда тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.

Көргөзмө-жарманкеде 100дөн ашуун атамекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.