Марал Радиосу

УКМК: Өзбекстандык кримтөбөл Салимбай Абдувалиевдин тарапташы кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзбекстандык кримтөбөл «Салим-бойвоча» каймана аты менен белгилүү Салимбай Абдувалиевдин  68 жаштагы Кыргызстандык тарапташы кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан «Кылмыштардын бириктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде 1956-жылы туулган Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарыныны тургуну «М.М.М.» аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Кармалган жаран УКМК органдары тарабынан буга чейин издөө жарыяланган Өзбекстан өлкөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун лидери Салим Абдувалиев (каймана аты «Салим-бойвоча») менен жана буга чейинки УКМК тарабынан кармалган 46 жаштагы «З.Э.Т.» менен биргеликте Ташкент шаарында жолугуусу маалым болгон (сүрөтү такталган).