Марал Радиосу

Балыкчынын 6 тургуну «Йакын Инкар» экстремисттик уюмунан баш тартты

УКМК тарабынан «Йакын Инкар» экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

УКМК Балыкчы шаарынын тургундары болгон «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын 6 мүчөсүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында ДЭКтин мүчөлөрү «Йакын инкар» радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты. Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында КР УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

КР УКМК жарандарга Кыргыз Республикасында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.