Марал Радиосу

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүнүн бир бөлүгү капиталдык оңдоого жабылды

Бишкектин А.Сүйүмбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө  капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдирди. 

Учурда эски асфальтты фрезалоо иштерин баштоо пландалууда.

Оңдоо иштеринин алкагында жол кеңейтилип,  шагыл мастикалык асфальт төшөлөт.

Аталган иштер 2024-жылга карата жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлүп жатат.