Марал Радиосу

ЖМК, интернет жана социалдык тармактарда жалган маалымат таратканы үчүн айып салуу сунушталууда

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги массалык маалымат каражаттарын, интернет жана социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалымат тараткан жеке жактарга – 1000 сом, юридикалык жактарга – 2000 сом өлчөмүндө айып пул салуу сунуштоодо.

«Укук бузуулар жөнүндө» кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Министрлик бул өзгөртүүлөр коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында сунушталууда деп белгилейт.

Мыйзам долбоору маалыматтык чабуулдардын коркунучун азайтууга жана өлкөдөгү маалыматтык мейкиндикти тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк беррээри айтылган.