Марал Радиосу

Министр: Орусиялык ырчылар өзү келебиз деди

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жаткан концертке орусиялык ырчылардын келиши коомчулукта талкуу жаратты. Буга байланыштуу  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов «Кабар» маалымат агенттигине комментарий берген.

Анда министр эгемендик майрамы үчүн жасалып жаткан иш-чараны саясатка айландырууну токтотуу керектигин айткан. «Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, «Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек?

Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым: «Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун», — деп кошумчалаган министр.

Ошондой эле ал орусиялык ырчылардын келишин көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатканын жана азчылык көпчүлүккө баш ийиши керектигин белгилеген.

Мындан сырткары жергиликтүү ырчылар, маданият өкүлдөрү да өнөр көрсөтө турганын,  убакыт баарына жетерин айткан.