Марал Радиосу

Ошто 15 жашар кызды сексуалдык кулчулукта кармоо боюнча эки адам кармалды

Ошто 15 жаштагы кызды сексуалдык кулчулукта кармоо фактысы боюнча эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерин Ош шаарында зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын укугун коргоп, убакытты созбой чара көрүүгө чакырган.

Бул факты боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери башталган.

«Жашы жете элек М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жабырлануучу М.М.га  соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жабырлануучуну  ур-токмокко алууга катыштыгы бар 21 жаштагы Э. Б. атуу жаран жана  Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип жаткан 27 жаштагы  У. Х. такталып,  тергөө кызматына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдар аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Далил катары видеолор алынган. Экспертизанын жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, коомчулукка кошумча маалымат берилери айтылды.

Расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220сы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.