Марал Радиосу

Баткенде жаңы «Дөгмөн» көмүр кени ачылат

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” көмүр кени расмий ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат.
Кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1 500 000 $ инвестиция салынган. Ишкана жылына 600,0 миң тонна көмүр өндүрүүсү күтүлөт.
Ишкананын ишке кириши менен 120га чейин жумуш оруну түзүлөт. Көмүр кени район борборунан 85 км аралыкта жайгашкан.