Марал Радиосу

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасаынын орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров 27-августта кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Азат Козубеков буга чейин Улуттук банктын Экономикалык башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Өлкө башчы өткөн апта соңунда Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевке сөгүш жарыялап, анын эки орун басары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбековду кызмат ордунан бошоткон.