Марал Радиосу

Академик Ильгиз Айтматов дүйнө салды

Бүгүн, 27-августта Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, окумуштуу Ильгиз Айтматов 93 жашында дүйнө салды.

Ильгиз Айтматов 1931-жылы, 8-февралда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал өмүрүн илим жолуна арнап, эл аралык инженердик академиялардын мүчөсү, Кыргызстандын Илимдер Академиясынын профессору, академик болгон.

«Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамынын ээси.