Марал Радиосу

Бишкектин чет жакасындагы кум-шагыл заводу жана ири карьер мамлекетке кайтарылды

УКМК берген маалыматка ылайык, аянты 17,7 гектар, баасы 1 млрд. 953 млн. сомдук стратегиялык объект мамлекетке кайтарылды.

Бишкектин чет жакасында жайгашкан завод жана ага жанаша жайгашкан 16 гектар жана 1,2 гектар стратегиялык маанидеги өнөр жай карьери белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке чыгаруу фактысы аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган объект 2004-жылы «Кум-Шагыл» ЖАК жеке ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталды.

Өндүрүштүк комплекс шагыл, майдаланган таш ж.б. казуу боюнча карьерди, ошондой эле көрсөтүлгөн чийки заттан жасалган жогорку сапаттагы курулуш материалдар заводун камтыйт. 20 жыл ичинде бул стратегиялык объект жеке адамдарга олуттуу киреше алып келсе, мамлекет дээрлик эч нерсе алган эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаардык сотунун чечими менен бүтүндөй өнөр жай комплекси жана ага чектеш аймактар мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Мындан тышкары, козголгон кылмыш ишинин алкагында негизги фигурантка эл аралык издөө жарыяланды.