Марал Радиосу

Элчилик Германияда кыргызстандык делген өспүрүмдүн кармалганы тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги кыргызстандык делген 15 жаштагы өспүрүмдүн кармалганы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, 23-августта Германиянын Золинген шаарында өтүп жаткан фестивалда келген конокторго кол салуу болгон. Анын кесепетинен жабыр тарткандар жана жаракат алгандар бар. Кол салууну уюштурган сириялык жаран экени айтылып, аны менен байланышы бар деп 15 жаштагы Кыргызстандан келген өспүрүмдүн шектелип кармалганы тууралуу ЖМКларда маалыматтар чыккан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Германиядагы элчиликтин берген маалыматына таянып, каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирет. Ошол эле учурда, кармалгандын өздүгү жана анын Кыргызстандын жараны болушу мүмкүн экендиги такталып жатат.

Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат, — деп айтылат маалыматта.